Kishore Kumar Hits

Бегиш - Жер-Ай текст песни

Исполнитель: Бегиш

альбом: Kara Toru


Ал керемет, сулуулук чексиз анда
Көздөрү жарык берет бүт ааламга
Жер жүзүндө жок окшош
Окшошбойт бир да жанга
Жалгыздыкта жүрөт ал
Ойлору бир адамда
Ишенбейт калпка, калп ага жакпайт!
Кереги жок дейт байлык, жүрөгүн сатпайт
Ал жок таң атпайт
Балдар менен жатпайт!
Жалгыз аны мактайм
Ал кыздыгын сактайт
Бир аны мактайм!
Ал тамеки тартпайт
Мен оюмдан кайтпайм
Сүйөмүн деп айтпайм
Сөздү ойсуз чачпайын
Ал сүйүүнү барктайт
Мен ага жетпейм (2 жолу)
Жерден издеп таппайм
Кубанамын барына
Сүйүнөмүн жаныңда мен чексиз
Ойлорум сенсиң!
Сен өзү айдан түшкөн перисиңби?
Өмүрдүн медерисиңби?
Сенсиң!!!
Түбөлүк сезим!!!
Күндөрүмдөсүң, Түндөрүмдөсүң дагы
Үндөрүмдөсүң, Өзүң болдуң менин багым
Бангизатым болдуң менин, Кумарыма айланып
Көрүнбөгөн жиптер менен, Калдым сага байланып
Күндөрүмдөсүң, Түндөрүмдөсүң дагы
Үндөрүмдөсүң, Өзүң болдуң менин багым
Бангизатым болдуң менин, Кумарыма айланып
Көрүнбөгөн жиптер менен, Калдым сага байланып
Жарыкта көп көрбөйм
Көз салбай өткөрбөйм
Кээде капалангансып
Булут жамынып көрүнбөйт
Айлап, күндөп, жылдап
Күтөт, билем чыдайт!
Билет сүйүүнү чындап
Таза жүрөгү сынбайт!
Махабаты баасыз, кымбат!
Жер жүзүнө маалымдайм
Нукура сулуу келбети бар
Жасалма боёк жамынбайт
Мен сүрөттөгөн кыз айда
Жер жүзүндө табылбайт
Мен сүрөттөгөн кыз айда!
Жер жүзүндө табылбайт!
Ал айдагы сулуу
Жерге көнүл буруп
Сүйөт жерден бир адамды, төгөт ага нурун
Ал айдагы сулуу
Тереземде туруп
Айтып бүттүм сырды мен
Тосуп калды булут
Кубанамын барына
Сүйүнөмүн жаныңда мен чексиз
Ойлорум сенсиң!
Сен өзү айдан түшкөн перисиңби?
Өмүрдүн медерисиңби?
Сенсиң!!!
Түбөлүк сезим!!!
Күндөрүмдөсүң, Түндөрүмдөсүң дагы
Үндөрүмдөсүң
Өзүң болдуң менин багым
Бангизатым болдуң менин
Кумарыма айланып
Көрүнбөгөн жиптер менен
Калдым сага байланып
Күндөрүмдөсүң, Түндөрүмдөсүң дагы
Үндөрүмдөсүң
Өзүң болдуң менин багым
Бангизатым болдуң менин
Кумарыма айланып
Көрүнбөгөн жиптер менен
Калдым сага байланып
Жер-ай
Биз экөөбүз кол кармашып жай
Жер-ай
Биз экөөбүз термелебиз жай
Жер-ай
Бирге болот ардайым
Жер-ай
Бирге болот ардайым!
Жер-ай
Биз экөөбүз кол кармашып жай
Жер-ай
Биз экөөбүз термелебиз жай
Жер-ай
Бирге болот ардайым
Жер-ай
Бирге болот ардайым!

Поcмотреть все песни артиста

Другие альбомы исполнителя

Похожие исполнители

RICK

Исполнитель

Duman

Исполнитель

akha

Исполнитель